Нарында жол кырсыгынан унаа жолдон чыгып, оодарылып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ат-Башы районунда кечээ, 28-сентябрь күнү саат 15:33тө Ача-Кайыңды жана Баш-Кайыңды айылдарынын ортосунда “БМВ-525” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен.
Жерине КР ӨКМнин №45 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып, унаада кыпчылып калган айдоочуну (1985-жылы туулган) чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ