Диетолог Светлана Фус күзүндө иммунитетти бекемдөөгө жардам бере турган үч өсүмдүктү атады. Иммундук система калптуу жумуш иштөөсү үчүн организмге витаминдер менен микроэлементтер керек. Ошондуктан күзгү рационго А, С жана Ё витамин -антиоксиданттарга байына бай жер-жемиштери кошкон маанилүү. Ошону менен диетолог төмөндөгү үч өсүмдүктү сунуштайт.
Кара өрүк – бул витаминдер менен пайдалуу заттарга бай өсүмдүк гана эмес, даамдуу десерт дагы. Кара өрүктүн курамында С, В витаминдери, бета-каротин, клетчатка менен органикалык кычкылдар бар.
Алма – темирге, йод, калий, кальций, РР жана С витаминдерине бай. Ошондой эле, мындай микроэлементтерди алмуруттан да кездештирүүгө болот.
Ашкабак – бета-каротинге бай өсүмдүктөрдүн бири. Бул өсүмдүк биздин организмде А витаминине айланат. Ал сөөктөрдүн жакшы өсүүсүнө жана иммундук системаны бекемдөө үчүн кажет. Ашкабакты ар дайым жесеңиз эске сактоо жөндөмүңүз менен көрүү жөндөмүңүздүн кандай жакшырганын байкай аласыз. Ошондой эле ашкабак, нерв системасы менен тынч уктоого жакшы таасир берет.
Булак: “Факты.кж”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ