КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы кечээ, 29-сентябрындагы жыйналышында “Социал-демократтар” саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен төмөнкү адамдарды чыгаруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.
Алар:
1. Талиева Камилла Абдуразаковнаны;
2. Маматбуваев Бахадир Сайдуллаевичти;
3. Самиева Машхура Шавкатовнаны;
4. Заитов Мамир Моминжановичти.
Чечим Талиева Камилла Абдуразаковнаны, Маматбуваев Бахадир Сайдуллаевичти, Самиева Машхура Шавкатовнаны жана Заитов Мамир Моминжановичти талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө “Социал-демократтар” саясий партиясынын 2020-жылдын 28-сентябрындагы кат жүзүндөгү билдирүүсүнүн негизинде, “КР Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин, “КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ