Кыш мезгилине даярдыктарды көрүүнүн алкагында суу түтүктөрүнүн бекиткичтерин алмаштырууга байланыштуу, Эртең, 1-октябрда саат 9:00дөн 18:00гө чейин «Ынтымак» жаңы конушунда жана «Арча-Бешик» жаңы конушунун биринчи көчөсүнөн жетинчи көчөсүнө чейин ичүүчү сууну берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Ошондой эле, конуштун бардык тургундарына жана мекемелерге МАБ, кварталдык комитеттердин төрагалары аркылуу сууну өчүрүү боюнча кошумча маалыматтар берилет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ