Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 1-октябрда КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Кочкор районунда кечээ, 30-сентябрь күнү саат 16:00дө Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 209-чакырымында (Сары-Чат тилкеси) оор жүк ташуучу “ГАЗ-53” унаасы менен “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унаасы сүзүшкөн.
Кырсыктын кесепетинен “Мерседес” унаасынын ичинде (1 эркек 1960-жылы туулган жана 1 аял 1964-жылы туулган) кыпчылып калган. Аталган жарандарды КР ӨКМнин №42 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары унаадан чыгарып тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жабыркагандар Кочкор райондук ооруканасына жетпей жолдо каза болушкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ