“Шайлоо өнөктүгү идеалдуу өтүп жатат дегенден алысмын” – деп билдирди бүгүн, 1-октябрда премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөттүк онлайн-брифингде.
Анын айтымында, бир катар материалдар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
“2015-жылдагы шайлоодон кийин шайлоо мыйзамындарынын ичинде үгүт иштерине административдик ресурстарды колдонуу, шайлоочуларды сатып алуу сыяктуу иштерге катуу санкциялар киргизилген” – деп билдирди өкмөт башчы.
Ал шайлоонун эрежелерин бузуу боюнча фактылар боюнча атайын териштирүү иштери жүрүп жатканын, бул боюнча Генпрокуратура расмий маалымат таратканын белгиледи.
“Жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүнд мыйзамынын 22-беренесине ылайык, мен премьер-министр катары бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызматкерлерин шайлоого карата үгүт иштерине катышпоого, ошондой эле административдик ресурсту пайдаланууга тыюу салынарын дагы бир жолу катуу эскертемин” – деди премьер-министр.
Премьер-министр эртең шайлоо алдындагы үгүт иштеринин акыркы күнү экенин, шайлоочулардын саны 3 миллион 523 миң 554 болгонун белгиледи.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ