Menu

Видео – Исхак Масалиев: “Текебаев кылтыйып актанбасын, ал өзү жана “Ата-Мекен” фракциясы кворум түзүп колдоп, конституцияны өзгөртүүгө, президенттик бийликти чыңдоого жол ачышты”

Бөлүшүү:

Экс-депутат Исхак Масалиевдин 29-октябрда журналист Нарын Айыпка берген маегинен бир шиңгил:
Нарын Айып: Текебаев 21-октябрь күнү парламенттик шайлоо 20-декабрда өтүш керек деп жаткан, анан эртеси эле “эгер конституцияны өзгөртүүдө парламентаризмге карай багыт өзгөрбөсө” деген шарт менен шайлоону артка жылдырууга, конституциялык реформага макул болуп кол коюп бердим” деп калды…
Исхак Масалиев: Бул кылтыймалык, амалкөйлүк деп аталат. Кантип эле Өмүрбек Чиркешович жалгыз ал үчүн калган бүтүндөй команданын көз карашын, позициясын өзгөртүшөт деп ишенип калсын? Албетте жок. Бул актануу, “мен шарт койдум анан макул болдум…” дегени – бул коомчулуктун алдындагы актануусу. Тилекке каршы, анын өзүнүн парламенттик сессияга катышканы, анын фракциясынын мыйзамдардын айрым нормаларын токтотуп, парламенттик шайлоону артка жылдырып, конституцияны өзгөртүүгө жол ачкан акыркы мыйзам долбоорун колдоп берүүсү бул ал күнкү сессияга кворум түзүп берди – бул биринчиси. Экинчиден, аны менен “Ата-Мекен” ал мыйзамдын дароо, бир күндө 3 окуудан өтүүсүнө көмөктөштү. Анткени мыйзам боюнча эгер бир эле фракция каршы боло турган болсо мыйзамды бир күндө 3 окуудан кабыл алууга жол берилбейт. Эң башкысы эми жаңы бийлик максатына жетти. Ал эми Өмүрбек Чиркешовичтин “мен шарт койдум эле” ал эле, бул эле дегени эми суу кечпейт, мынчалык аңкоолонуштун кереги жок да. Эми Текебаевди ким укмак эле? Конституциянын автору эми ал болбойт. Эң башкы жол баштагыч эми ал болбойт. 6-октябрда бийликти алып, 9-октябрда бийлигин мыйзамдаштырган адам парламенттик республиканы алып келбейт. Ал президенттик бийликти чыңдай баштайт. Текебаев жана анын фракциясы мына ушуну колдоп берди…
Маектин толук версиясын орусча тасмадан көрүңүздөр:

Кыргызчалаган: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 − = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: