Menu

Фото – УКМК Финполициянын кызматкеринин кармалышы боюнча маалымат таратты

Бөлүшүү:

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын кызматкерлеринин кылмыш ишин оң жагына чечүү үчүн жеке компаниянын өкүлдөрүнөн өзгөчө ири өлчөмдө акча талап кылуу фактысын аныктады. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, Бишкек шаарында жүргүзүлгөн тергөө-оперативдик иш-чараларынын жүрүшүндө, 1500 АКШ доллары өлчөмүндө пара алып жаткан Финполициянын капитаны М.К.К. кармалган. Ал мамлекетке КНС төлөө маселесин оң чечүү үчүн ЖЧКлардын биринин өкүлдөрүнөн системалуу түрдө акча талап кылган.

Учурда, сотко чейинки процесстин алкагында, акча талап кылуу фактысын документтештирүү жана Финполициянын башка кызматкерлеринин катыштыгын аныктоо боюнча тиешелүү чаралар жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: