Menu

Талас облусунун казысы Таалай ажы Бапиев баш имам хатибдерди кышка даярдык иштерин тездетүүгө чакырды

Бөлүшүү:

Кечээ, 2-октябрда Талас облусунун казыятында кезектеги жыйын болуп өттү. Жыйынга Талас облусунун казысы Таалай ажы Бапиев, казыят кызматкерлери жана баш имам хатибтер катышты. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жыйын учурунда Таалай ажы Бапиев баш имам хатибтерге үгүт иштерине катышпоону эскертип, бир катар тапшырмаларды берген.

Алар:

1. Мечиттердин документтерин тездик менен бүтүрүү.

2. Шайлоодо үгүт иштерин жүргүзбөө.

3. Санитардык талаптарды сактап, көзөмөлгө алуу.

4. Ысырапкерчиликти алдын алууда эл менен тыгыз байланышта иштөө.

5. Мечиттерди кышка карата даярдык иштерин жүргүзүү.

Соңунда айтылган тапшырмаларды тез аранын ичинде бүткөрүү милдеттендирилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 − 63 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: