Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков пандемиянын мүмкүн болуучу экинчи толкунуна даярдыктар жөнүндө айтып берди

Бөлүшүү:

КР Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-октябрда, Коомдук телерадиокорпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде пандемиянын мүмкүн болуучу экинчи толкунуна даярдыктар жөнүндө айтып берди. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

«Биз коронавирус илдети башталганда, биринчилерден болуп көңүл бурганбыз. Январь айында Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, ошондон бери аракет кылып, кийин коронавирус илдети күчөй баштаганда, биз өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал режимин киргиздик. Карантинде биз 2 ай болдук. Айрыкча, биздей мамлекетке бул абдан оор болду. Эмне үчүн дегенде Кытай жабылды. Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан дагы жабылды», — деп эскерди Мамлекет башчысы.

Сооронбай Жээнбеков ошол мезгилде коронавирус илдетинен элди коргоп калуу, мындан кандай коргонуу, өзүн алып жүрүү, илдеттен кантип сактануу керек, ошого элди үйрөтүш негизги маселе болгонун белгиледи. Врачтарды даярдап, үйрөтүүгө 2 ай убакыт кетти.

Экинчиден, эң чоң маселе бул элди азык-түлүк менен камсыз кылуу болду.

«Мына 2 ай, кийинки 3 айда бюджеттен 28 млрд сом жоготтук. Бул бизге бюджеттин 15%нан жогору. Бул абдан чоң жоготуу болду. Бирок, андай кылбасак, болбойт эле. Ден соолук маселеси биринчи орунга чыккан», — деп баса белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы карантинди алып салгандан кийин жарандарга ар ким өзү сактанышы керек экенин, «биринчи өзүңдү сактасаң, анан балаңды сактайсың, жакыныңды сактайсың» деген маалыматтар айтылып жатканын кошумчалады.

Ошону менен бирге Сооронбай Жээнбеков жарандардын жоопкерчиликтүү болуусуна чакырыктарга карабастан, кээ бир саясатчылар «бул оору жок, калп эле Президент баш болуп, Өкмөт сырттан карызга акча алыш үчүн атайын жасап жатат, буга ишенбегиле, жок, жөн эле грипп» деп чыгышканын белгиледи.

«Карапайым эл көбү ишенди ушуга. Ошонун жыйынтыгы келип туруп, бизге биринчи толкун абдан катуу болду. Эң кыйналганыбыз — бул медиктердин жетишпегени. Күндүзгү стационарларды ачып, кийин элге жардам бере баштадык. Ыктыярчылар, дарыгерлер, сырттан жардам келди. Эми ошондой болбош үчүн, ошондой кайталанбаш үчүн азыр биз ооруканалардын жаңысын салып, эскисин оңдоп жатабыз. Матрезервге керектүү дары-дармекти сатып алып жатабыз. Биздин медиктерибиз дагы кандай дарылай турганды үйрөнүп калды. Анан эми бир эле мамлекет, эл карайт дебеш керек. Ар адамдын жоопкерчилигин катуу коюш керек. Ар ким өзүнөн көрүш керек, баарыбыз сак болушубуз керек», -деп айтты Президент.

Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, азыркы учурда Европада илдетти жуктургандардын көбөйүүсү байкалууда. Буга байланыштуу биз сак болушубуз керек. Эрежени бузгандарга катуу чараларды колдонуш керек.

«Мен Өкмөт башчыга да айттым, бардык органдарга буга өзгөчө көңүл бурууну айттым», — деп  жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: