Menu

Шайлоодон кийин Сузак районунда пайда болгон кырдаалды милиция иликтөөдө

Бөлүшүү:

Шайлоодон кийин Сузак районунда пайда болгон кырдаалды милиция иликтөөдө. Бул тууралуу журналисттерге Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

4-октябрга караган түнү интернетте милиция менен жергиликтүү тургундардын ортосундагы жаңжал тартылган видеотасма тараган. Видео Сузак районунда тартылганы белгиленди.

Күбөлөрдүн айтымында, айылдардын биринде тургундар шайлоодон кийин талапкерди куттуктап жатышканда, милиция эки адамды камакка алган. Алар милиция кызматкерлери жолугушуулар арасындагы мушташ тууралуу туура эмес маалымат алгандыгын белгилешет.

Ал эми Ички иштер башкармалыгы алар тергөө жүрүп жатат деген маалымат менен чектелип, кырдаал боюнча толук маалымат беришкен жок. Ошондой эле, видеодогу жарандар кайсы тарапты колдогону айтылган эмес.

4-октябрда Кыргызстанда VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо болуп өттү. Өлкө боюнча шайлоо участкалары саат 8:00дө ачылып, 20:00гө чейин иштешти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 64 = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: