Menu

Ош облусундагы “Сүрөттүү – Таш” археологиялык эстелигин ачык асман алдындагы музей кылып уюштуруу пландалууда

Бөлүшүү:

КР Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кызыл- Кыштак айыл аймагында жайгашкан “Сүрөттүү-Таш” археологиялык эстелигине барды. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда КР Маданият министрлигинин  басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, министр Азамат Жаманкулов эстеликтер менен таанышып жатып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө “Сүрөтүү-Таш” эстелигинин жалпы адамзат тарыхы жана маданияты үчүн баалуу мурас экендигин белгилеп, эстеликтин ландшафтын, коргоо чөлкөмдөрүнүн бүтүндүгүн сактоону камсыз кылуу үчүн бардык иш чараларды ишке ашыруу зарылдыгын билдирди. Ошондой эле, эстеликтин жер тилкесин тарыхый-маданий мурас багытында ажыратып, керектүү документация иштерин бүткөрүүну тездетуу керектигин белгиледи. Мындан сырткары, бул эстеликтин аймагында туризм тармагын өнүктүрүү максатында ачык асман алдындагы музей кылып уюштуруу маселелери талкууланды.

Аталган археологиялык эстелик аска беттерине биздин заманга чейинки III кылымдарына– биздин замандын V кылымдарына таандык аттардын, бугулардын, тоо эчкилердин жана илбирстин суроттору тартылган маданий мурас болуп саналат.

Бул эстеликте тарыхый жазма булактарда, илимий адабияттарда “даван аргымактары”, “асман аттары” деген аталышта белгилүү болгон жылкылардын сүрөттөрү тартылган.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: