Menu

Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев памирлик кыргыздар менен жолугушту

Бөлүшүү:

Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев памирлик кыргыздар менен жолугушту. Жолугушууда алар балдарынын диний сабаттуулугун жогорулатуу үчүн диний окуу жайларга тапшырууну ниеттенип жаткандыгын айтышты. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Убайдулла ажы Сарыбаев Памирден келген кыргыздар үчүн атайын Куран окуу курстарын уюштурууда колдон келген жардамын берээрин айткан.

«Азыркы учурда диний окуу жайлар онлайн тартипте окууларды жүргүзүүдө. Эгер диний окуу жайлар ачылса атайын Куран окуу курсун уюштурууну биринчи планга коёбуз», — деди Убайдулла ажы Сарыбаев.

Эскерте кетсек, Памирден келген кыргыздар Ош облусунун Алай районундагы Сары-Могол айылына жайгаштырылып, карантин учурунда Ош шаардык мусулмандар казыяты тарабынан азык-түлүк жана кийим кече таратылган эле.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: