Бүгүн, 5-октябрда добуштарды кол менен саноо жүрүп жатат. Азырынча кол менен эсептөө боюнча “Биримдик” партиясы 25,9% менен биринчи орунга чыкты. “Мекеним Кыргызстан” партиясы 24,56% менен экинчи катарда, үчүнчү орунда “Кыргызстан” – 8,96%, төртүнчүдө – “Бүтүн Кыргызстан” – 7,62%, бешинчиде “Мекенчил” – 7,26%.
Калган партиялар босого чектен (7%дан) аша элек. Алар: “Республика” партиясы – 5,18%, “Ата Мекен” – 3,71%, “Ыйман Нуру” – 3,22%, “Бир Бол” – 3,21%, “Замандаш” – 2,25%, “Чоң Казат” – 1,91% “Социал-демократтар” – 1,38%, “Реформа” – 0,96%, “Мекен Ынтымагы” – 0,59%, Афганистандагы согуштун ардагерлеринин партиясы – 0,13% жана “Ордо” – 0,17% алды.
Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон 10го чукул саясий партиялар, тарапташтары Ала-Тоо аянтында мөөнөтсүз митинг өткөрүшүп, шайлоону жокко чыгарууну талап кылып митингге чыгышты. Кечинде аянтка күч кызматкерлери тартылып, митингге чыккан адамдарды күч менен таркатышты. Арасында ондогон адам ар кандай жаракат алды, анын ичинде “Ата Мекендин” лидери Жанар Акаев да бар. Ал бутунан жаракат алган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ