“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров өлкөдө түзүлгөн Координациялык кеңешти жетектейт. Бул тууралуу ал бүгүн, 6-октябрда пресс-конференцияда билдирди.
Анын айтымы боюнча, бүгүн 8 саясий партиянын лидерлери чогулуп кеңеш түзүштү. Учурда аларды кызмат бөлүштүрүү кызыктырбай турганын, алгач элдин коопсуздугу камсыздалышы керектиги айтылды.
“Эртең ким премьер-министр, вице-премьер-министр, же ким кайсы министрликке жетекчи болору маанилүү эмес. Бүгүн эл көчөгө эч коркпостон көчөгө чыгуусуна шарт түзүлүшү керек. Бүгүнкү күндө бийликке эч ким жулунбаганын баса белгилеп айтам” – деди Мадумаров.
“Сооронбай Жээнбеков же Асылбек Жээнбеков менен байланыштыңыздарбы?” деген суроого Мадумаров “жок” деп жооп берди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ