Бүгүн, 6-октябрда Жылдыз Бакашова КТРКнын убактылуу жетекчиси болуп дайындалды.
Ал буга чейин Улуттук китепкананы, ошондой эле, 2016-жылы телеканалдын Байкоочу кеңешин жетектеген. Жана Ж.Баласагын атындагы КУУнун журналистика факультетинин деканы болгон.
Эскерте кетсек, буга чейин КТРКнын директору Жайнак Үсөн уулу кызматтан кеткени маалымдалган. Ал кызматтан кетүү тууралуу арызын бүгүн, 6-октябрда жазган.
Ал эми “Бир бол” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Чынар Капарова “Ала-Тоо 24” каналынын директору болуп дайындалганы айтылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ