Menu

Кыялбек Мукашев Финансы министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Бөлүшүү:

Учурдагы кырдаалга байланыштуу Финансы министрлигинин борбордук аппараты, түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрү эл өкүлдөрү менен чукул жыйын өткөрүп, элдин бийлигин таанып, Кыялбек Мукашев Белековичти бир добуштан министрдин милдетин аткаруучу кылып дайындоону сунуш кылышты. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыялбек Мукашев буга чейин экономика тармактарынын чыгымдарын пландаштыруу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Министрликтин маалыматы боюнча, учурда элдик комитеттер жана элдик кошуундар түзүлүп, министрликтин үзгүлтүксүз иштеши үчүн аракеттер көрүлүүдө.

Алар Финансы министрлиги аркылуу жүргүзүлүп жаткан бардык каржылык операциялары мыйзамдуу бийликтин билдирүүсүнө чейин токтотулганын кошумчалашты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 + = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: