Menu

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева партия лидерлерине кайрылуу жасады

Бөлүшүү:

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева партия лидерлерине кайрылуу жасады.

Анын айтымында, алар сүйлөшүү столуна отурушу керек. «Азыр Кыргызстандын тагдыры таразада турат. Тилекке каршы, мындай иш өлкөбүздө үчүнчү жолу болуп жатат. Эл аралык аренада биздин кадыр-баркыбыз такыр түшүп кетпеши үчүн, биз маанилүү чечимдерди кабыл алышыбыз керек. Мунун жолдору бар», – деди ал.

Отунбаева партия лидерлери стратегияны иштеп чыгып, бирдиктүү чечимге келиши керек деп эсептейт. Президент шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарышы керек.

Кайра шайлоолорго байланыштуу Отунбаева жаңы партиялар жана жаңы күчтөр келерин айтты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: