«Менин балдарым орус тилинде окушту, үйдө да орусча сүйлөшөт, аялым аларга кошулуп алат. Мен кыргызчага көндүрө албай койдум. Ошондой эле мен маршруткаларга көп түшөм. Ал жакта дагы баары кыргыз, бирок орусча сүйлөшөт, базарларда да ошондой. Орус тили расмий статуска ээ. Бизге орус тили керек, аны менен биз көп нерсеге жетиштик. Англис тили дагы керек” – деди ал.
Конституцияда кыргыз тили мамлекеттик жана улуттар аралык баарлашуунун тили бойдон калууга тийиш. Эмнеге дебейсиңерби? Дүйнөнүн 60% англис тилинде сүйлөйт. Орус тилине көнүп калып, байланган иттей болуп жүрө берсек болбойт. Мындай болбошу керек. Тилибизди жоготуп алышыбыз мүмкүн. Муктаждык болмоюнча адам эч нерсени үйрөнбөйт, ошондуктан муктаждык кылышыбыз керек.
Менин сунушум: Мамлекеттик тил катары кыргыз тилин гана калтыруу Ал эми калган тилдер боюнча башка мыйзам кабыл алып, өнүктүрүшүбүз керек” – деди ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ