Бүгүн, 7-октябрда экс-депутат Садыр Жапаров журналисттерге маалымат жыйын берди. Маалымат жыйын Фейсбук социалдык тармагында түз эфирде чагылдырылды. Жыйынга келген журналисттер ага бир нече суроолорду узатышты.
“Артыңызда Жээнбеков жана Матраимовдор турат деген сөздөр айтылууда. Куран кармап артымда ал кишилер турбайт деп айта аласызбы?” – деди журналист.
Бул убакытта Садыр Жапаров: “Куран китебиңиз бар болсо, бериңиз, мен азыр кармап айтып берем. Менин артымда Жээнбеков жана Матраимовдор турбайт” – деп жооп берди Садыр Жапаров.
Эскерте кетсек, кечээ, 6-октябрда Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп, Садыр Жапаровду премьер-министр кылып шайлаган. Бүгүн “Ала-Тоо” аянтында бул чечимге каршы митинг өтүп, “Ата-Мекен” партиясынан Тилек Токтогазиевди бул кызматка көрсөтүп жатышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ