Menu

Өзбекстанда киши сабоого айыпталган мэрдин уулунун иши боюнча тергөө башталды

Бөлүшүү:

Өзбекстанда Алмалык шаарынын башчысы Усмон Рахимовдун уулу Дильшод Исмоиловго каршы козголгон кылмыш иши кайра жанданды. Ал эки досу менен 56 жаштагы кишини сабаган деп айыпталууда.

Өлкөнүн Башкы прокуратурасынын маалыматына караганда, кылмыш иши коронавирус пандемиясына байланыштуу быйыл 11-июнда убактылуу токтотулган.

«Бул иш боюнча болжолдуу тергөө иштери 29-сентябрда кайра жанданды. Тергөө ишин Ташкенттин Яккасарай райондук ички иштер бөлүмүнүн координациялык ишмердүүлүк башкармалыгы жүргүзүүдө», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, Дильшод Исмоилов 28-майда Ташкентте эки досу менен 56 жаштагы кишини жана анын 30 жаштагы уулун сабаган. Бул учур түшүп калган видеотасма социалдык түйүндөргө жарыяланган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − 92 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: