Menu

КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин Эндокринологиялык борборуна 3 тонна гуманитардык жардам жеткирилди

Бөлүшүү:
Кечээ, 8-октябрда КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин Эндокринологиялык борборуна 3 тонна гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жүктү КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Нургүл Ибраева кабыл алды. Анын айтымында, БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы министрликке кант диабети менен күрөшүү үчүн керектүү дары-дармектерди жана медициналык каражаттарды берген.
“Биз диабет менен ооруган адамдар коронавирусту жуктуруп алганда күчөй тургандыгын билебиз. Кыргызстанда 63 миңден ашуун адам кант диабети менен ооруйт. Алардын 640ы балдар жана өспүрүмдөр. Бул илдетке каршы күрөшүү министрликтин артыкчылыктуу милдеттеринин бири. Министрликтин атынан ЮНИСЕФке көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирем”, – дейт Нургүл Ибраева.
ЮНИСЕФ тарабынан:
8000 инсулин таңгактары,
5000 инсулин шприцтери,
1300 кан жана заара глюкозасын текшерүүчү тилкелер жана колдонулган шприцтер үчүн идиштер берилди.
Бул жардам бардык облустардагы жана Бишкек, Ош шаарларындагы медициналык уюмдарга таратылат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − 70 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: