Сеид менен Кадыр Атамбаев азыркы учурда үйүндө. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда Раиса Атамбаева журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, алар эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулган.
Кадыр Атамбаевдин айтымында, Кой-Ташта кармалып жатканда тиши жулунган.
«Атайын отряд мени жерге жаткырганда башыма тепти. Натыйжада, менин алдыңкы тишим түшүп калды», – деди Кадыр.
Ал белгилегендей, аларды “Социал-демократтар” партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбековдун кармалышы көбүрөөк тынчсыздандырат. «Анын кармалышы мыйзамсыз болгон. Бул толугу менен башаламандык болду, – деди Кадыр Атамбаев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ