Өмүрбек Текебаевдин мандаты боюнча БШКнын жыйыны кворум жоктугунан өткөн жок. Бул тууралуу Атыр Абдрахматова Facebook баракчасына билдирди.
Бүгүн, 13-октябрда БШКда жыйын өткөрүлүп, анда Садык Шер-Нияздын мандатын Өмүрбек Текебаевге өткөрүп берүү маселеси каралышы керек болчу.
Садык Шер-Нияз Борбордук шайлоо комиссиясына бара жатып, Фейсбукка видео кайрылуу жазып, анын мандатынан баш тартуу чечимин үй-бүлөсү колдой тургандыгын билдирди.
Бирок жыйын боло элек.
Эске салсак, БШК 12-октябрда Өмүрбек Текебаевке парламенттин депутатынын мандатын кайтарып берүү боюнча кайрылуусун карады. Бирок БШК бош орун жоктугунан мандатты кайтаруудан баш тартты. Кийинчерээк Садык Шер-Нияз ага мандатын өткөрүп берүүгө даяр экендиги белгилүү болду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ