Menu

Жол-кыймыл инспекторлору үчүн эрежелерди бузуп, айыппул төлөбөй жүргөн айдоочуларды заматта аныктай турган тиркеме ишке кирди

Бөлүшүү:

КР Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын укуктук чара көрүү ишмердүүлүгүн өркүндөтүү, тактап айтканда, планшет колдонуп, жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пулдун өз убагында төлөнгөндүгүн текшерүү максатында, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы “Инфоком” мамлекеттик ишканасы, “АйТи-Сервис” мамлекеттик мекемеси жана КР ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгы менен биргеликте  атайын тиркемени иштеп чыгышкан. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда ИИМдин ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган тиркеме ИИМдин ЖКККББнын башкармалыгынын жана бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине жер-жерлерде жол кыймылын көзөмөлгө алууда айдоочулардын буга чейинки эреже бузууларын жеринде текшерүүгө жана жол кыймылынын эрежелерин бузган бирок буга чейин төлөбөй жүргөн айдоочуларды аныктоого мүмкүндүк берген, бузуулардын бирдиктүү реестринде катталган бузуулардын көчмө электрондук тиркемесин ишке киргизди.

Тиркеме “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында сүрөткө жана видеотасмага тартылган бузууларды гана эмес, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери (ЖКК) тарабынан кол менен түзүлгөн бузулар жөнүндө протоколду текшерүүгө мүнкүнчүлүк берет.

КР ИИМдин  Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы бардык унаа транспортторунун айдоочуларына эгерде аларда жол эрежесин бузгандыгы үчүн түзүлгөн протоколдордун айып төлөөдө карыздар болуп калса, айыпты төлөп коюга чакырат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 + = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: