Menu

Алматы акимчилиги саясий реформалар боюнча митинг өткөрүүгө уруксат берди

Бөлүшүү:

12-октябрда укук коргоочулар Бахытжан Торегожина менен Галым Агелеуов Алматы акимчилиги 500 кишинин катышуусунда митинг өткөрүүгө уруксат бергенин билдиришти. Митингде саясий реформаларды жүргүзүү жана саясий куугунтуктарды токтотуу талабы жаңырат.

Акимчилик укук коргоочулардын өтүнүчүн кабыл алуу менен митинг учурунда санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоо керектигин белгилеп, коомдук тартипке жана митинг өтө турган аймактын санитардык абалына уюштуруучулар жооп берерин айткан. Токтомго ылайык, митинг 31-октябрда Шокан Уалиханов атындагы гүлбакта өтөт.

Укук коргоочу Галым Агелеуовдун билдиришинче, жергиликтүү бийлик буга чейин эки өтүнүчтү канааттандырбай, үчүнчү жолу гана макул болгон. Акимчилик акцияны өлкөдө тыюу салынган “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылы жана “Көчө партиясы” колдоп жатканын билдирген. Укук коргоочулар жарандардын укуктары дискриминация болуп жатканын айтышкан.

Казакстандын ”Тынч жыйындар тууралуу» мыйзамына ылайык, жарандар тынч митинг өткөрүү тууралуу алдына ала жергиликтүү бийликтерге кабар бериши керек. Эгер акимчилик уруксат бербесе, ал митинг «мыйзамсыз” деп эсептелип, катышуучулары жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 + = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: