Menu

АКШдагы музейде тажикстандык акын жөнүндө маалыматтар жайгаштырылат

Бөлүшүү:

Искандар Хатлони

Мындан 20 жыл мурда Москвада өлтүрүлгөн акын жана “Озоди” радиосунун кабарчысы Искандар Хатлонинин ысымы АКШнын Глобалдык ЖМКлар боюнча музейинде (USAGM) түбөлүккө сакталмай болду.

Музейдин мультимедиа бөлүмүнүн жетекчиси Лора Мойи Хатлонинин айрым ырларын англис тилине которуу иштери башталганын билдирди. Сүрөтчүлөр анын ырларын жана учкул сөздөрүн колдонуу менен арт-портрет тартышары күтүлүүдө.

Буга чейин Искандар Хатлонинин сүрөтү жана ал жөнүндө маалымат USAGMдин Намыс тактасында жана Вашингтондогу жаңылыктар мезейинде (Newseum) илинген.

АКШнын Глобалдык ЖМКлар боюнча музейинде дүйнөнүн ар кыл бурчунда өлтүрүлгөн 200дөн ашуун журналисттин кол жазмалары, китептери жана аудиожазуулары сакталып турат.

Искандар Хатлонии (Идиев) 1954-жылы Кулябда төрөлгөн. Ал Максим Горький атындагы адабият институтунун бүтүрүүчүсү болгон. Би-Би-Си, “Эркин ЕвропаАзаттык радиосунда” иштеген. Хатлони Москада перси жана тажик тилиндеги “Мужда” гезитин чыгарган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: