Menu

Бактыгүл Жумабаева, Апрель баатыры: “Жанар Акаев, Сурабалдиева, Жээнчороев элди Бишкекке, митингге бусик-бусик кылып жыйнап кетип, милиция менен больницага салып бердиңер, эми силер камалышыңар керек”

Бөлүшүү:

“Жанар Акаев, сен “мени белгисиз бирөөлөр коркутуп жатат, тигини коркутуп жатат, муну коркутуп жатат” деп жаныңарды жегениңерди токтотсоңор! Силерди эч ким коркуткан, эткен жок. Өзүңөрдүн атаңардын – Текебаев атаңардын башкаларга уялбай  жасап жүргөн “чёрный пиарларын”,  ушакчылыгын, жалаачылдыгын аябай жакшы жаттап , үйрөнгөн экенсиңер”, – деп билдирди бүгүн, 13-октябрда Нарындан Апрель баатыры Бактыгүл Жумабаева бүгүн Жогорку Кеңеште Жанар Акаев менен Элвира Сурабалдиеванын “бизди белгисиз адамдар коркутуп жатышат” деген билдирүүлөрүнө комментарий берип.

“Тиги, Элвира Сурабалдиева кыз экөөңөр өзүңөрдүн кылган кылыгыңарды элге таңуулабагыла да. Ушул жерден, бизден аймактардан  Бишкекке бусик-бусик кишилерди митингдерге алып кетип, тиякка алып барып, милицияга  салып берип, анан эми турасыңар тиги Жээнчороев үчөөңөр: “камалгандарды кайра чыгаргыла, аларга акча төлөгүлө, ооруканага түшкөндөрдү жакшы карагыла” деп. Аларды силер алып барып милициянын колуна салып бербедиңерби! Ошолорду силер күүлөбөдүңөрбү! Алардын милицияга же больницага түшкөнүнө ким күнөөлүү? Силер күнөөлүүсүңөр! Силер жардам бергиле! Аны да жарды мамлекеттин казынасына илгени жатасыңарбы? Чынын айтканда алар камалса артынан биз да камалып кетпейли деп коркконуңардан эле ыштаныңарга сийип коюп, тиги камалгандарды коргоп жатасыңар. Анткени силер ошол башаламандыктардын уюштуруучусу болгонсуңар, бирок тиги карапайымдар азабын тартышып, милиция менен больницага түшүп калышты. Мен бийликте болсом карапайым катышуучуларды коё берип силерди камамакмын. Уялсаңар боло! Эми силер камалышыңар керек”, – деди Апрель баатыры Бактыгүл Жумабаева.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 72 = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: