Menu

COVID-19 илдети боюнча жарандарга кеңеш берүү 118 ыкчам байланыш телефону кайрадан чалууларды кабыл ала баштады

Бөлүшүү:
COVID-19 илдети боюнча жарандарга кеңеш берүү 118 ыкчам байланыш телефону кайрадан чалууларды кабыл ала баштады. Бул тууралуу кечээ, 13-октябрда Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2020-жылдын 10-сентябрынан 10-октябрына чейин Электрондук саламаттык сактоо борборунун адистери тарабынан тармактарды нукка салуу боюнча техникалык иштердин жана колл-борборлордун операторлорунун окутуудан өткөрүлүшүнө байланыштуу колл-борбордун иши убактылуу токтотулган.
КР Саламаттыкты сактоо министрлиги 2020-жылдын 13-октябрынан тарта COVID-19дун жайылышын алдын алып, калкка аралыктан жана өз убагында квалификациялуу медициналык кеңеш берүү үчүн Бишкек шаарындагы 4 Бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, ошондой эле облустук Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда Call-борборлорун ишке киргизди.
Call-борборлор бирдиктүү маалыматтык номурдун негизинде иштешет – 118.
Колл-борборлордун негизги максаты – калкка өз убагында жана квалификациялуу медициналык кеңеш берүү менен COVID-19 оорусунан улам ооруканага жаткырылгандардын санын азайтуу. Коомчулукка коронавирус жөнүндө так жана ар тараптуу маалымат берүү, ошондой эле оорунун белгилеринин негизинде аралыктан кеңеш берүү – ооруканага кайрылууну азайтуу үчүн өтө маанилүү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − 34 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: