Эгерде мыйзамдуулук жөнүндө айта турган болсок, Конституциянын 70-беренесине ылайык, эртең, 15-октябрда ЖКнын 6-чакырылыштын депутаттарынын ыйгарым укуктары аяктайт. Бул тууралуу саясатчы Алмамбет Шыкмаматов билдирди.
Ал эл Жогорку Кеңешти 5 жылга шайлай тургандыгын эске салып, алар бир да күн ашык эл өкүлү боло алышпай турганын белгиледи.
“Алардын 15-октябрдан кийинки чечимдеринин жана жолугушууларынын бардыгы мыйзам чыгаруу органдарынын узурпациясы болот. 2015-жылдын 15-октябрында БШК шайлоонун жыйынтыгын жарыялап бекиткен. Ошол күндөн баштап 6-чакырылыштагы парламенттин беш жылдык мөөнөтү башталган”, – деди ал.
Шыкмаматовдун айтымында, Жогорку Кеңештин ишинин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылган норма бул учурда колдонулбайт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ