Menu

Хакерлер Жогорку Кеңештин сайтын бузуп, 10 миң доллар талап кылышууда

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин сайтына белгисиз адамдар хакердик чабуул жасашты. Сайтта жарыяланган басылмалардын ордуна төмөнкүдөй жазуу чагылдырылган:

“Бул сайт жана анын бөлүмчөлөрү The Black Pirate тобунун көзөмөлүнө алынган”.

Жалпыга маалымдоо каражаттарына [email protected] дарегинен электрондук почта аркылуу хакердик чабуул жөнүндө билдирүү келип түштү, ал аркылуу парламенттин басма сөз кызматы жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирүүлөрдү жөнөтүп турат.

“Учурда логиндер жана паролдор, жеке маалыматтар, телефон номерлери, алардан келген почта жана сырсөздөр, ошондой эле башка бир нече мамлекеттик сайттар биздин көзөмөлүбүздө” деп белгисиз адам жазды. Белгисиз билдирүүдө хакерлерде кыргыз жарандарынын маалымат базасы бар экени айтылган.

Хакерлер жарандардын жана мамлекеттик кызматчылардын жеке маалыматтары сыртка чыгып кетпеши үчүн 10 миң доллар талап кылышарын жазышкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: