Menu

Женева шаарындагы КР БУУ жана башка эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлү Д.Мукашевдин Дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун (ДИМУ) жаңы жетекчиси Дарен Танг менен болгон жолугушуусу

Бөлүшүү:

15 – октябрда Женевадагы (Швейцария) Дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун штаб-квартирасында Женева шаарындагы Кыргыз Республикасынын БУУ жана башка эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлү Д.Мукашевдин Дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун жаңы жетекчиси Дарен Танг менен жолугушуусу болду. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Д.Мукашев Дарен Тангды ДИМУнун Башкы директорунун кызмат ордуна шайланышы менен куттуктап, кийинки ишинде ийгиликтерди каалады.

Тараптар КР менен ДИМУнун ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча маселелерди талкуулашты, ошону менен бирге Д.Мукашев Дарен Тангга Уюм тарабынан Кыргызпатентке караштуу Инновациялык Борборду түзүү менен Кыргызстандагы инновациялардын экосистемасын өнүктүрүүгө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди жана бул иш мындан ары да, анын ичинде Борбордун кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу жана өлкөнүн региондоруна анын ишмердүүлүгүн жайылтуу боюнча иштердин улантыларына үмүтүн билдирди.

Туруктуу өкүл Башкы директорго ДИМУ менен Евразия Патенттик Уюмунун (ЕАПО) Кавказ, Борбор Азия жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн региондорунда интеллектуалдык менчикти коммерциализациялоо жаатында технологиялык парктарды кеңейтүү боюнча биргелешкен долбоорунун ишине Кыргызпатенттин кызыгуусу жөнүндө маалымдады. Д.Мукашев, ошондой эле Уюмдун органдарында Кыргызстандын жарандарынын өкүлчүлүгүнүн маанилүүлүгү жөнүндө маселени көтөрдү.

Дарен Танг ДИМУ менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыктын жогорку деңгээлин канааттануу менен белгилеп, Уюм мындан ары дагы Кыргызпатенттин потенциалын чыңдоого көмөктөшөт деп ишендирди.

Жолугушуунун аягында Туруктуу өкүл Д.Мукашев Башкы директор Даррен Тангга 1994-жылдын 9-сентябрындагы Евразиялын патенттик конвенцияга Өнөр жай үлгүлөрүн коргоо жөнүндө протоколду Кыргыз Республикасынын ратификациялагандыгы жөнүндө грамотаны тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: