Кыргызстандын АКШдагы элчилиги Чикагодогу Trump Tower асман тиреген имараттын коопсуздук жибине асылып, АКШнын президенти Дональд Трамп менен сүйлөшүүнү талап кылган кыргыз жараны кармалган окуяга комментарий берди.
Элчилик Э.А.нын Ысык-Көл облусунун 1989-жылы туулган тургуну экендигин тастыктады.
Э.А учурда Northwestern Memorial Hospital мемориалдык ооруканасында жатат. Анын физикалык жана психикалык ден-соолугун текшерип жатышат. Алдын ала маалыматтар боюнча, кандайдыр бир жергиликтүү мыйзамдарды же мыйзамдуу тартипти бузгандыгы үчүн айыптар али келе элек. Ошол эле учурда, Чикаго полиция департаментинин расмий билдирүүсүнө ылайык, тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлөт.
Элчилик Америка Кошмо Штаттарынын компетенттүү мамлекеттик органдарынын жана кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен байланышып турат жана зарыл болсо, Э.А.га консулдук жана юридикалык жардам көрсөтүүгө даяр.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ