Кыргыз өкмөтү аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 300 сом төлөп берүүнү пландап жатат.
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги токтомдун долбоорун коомдук талкууга койду. Алар өлкөдөгү коронавируска байланыштуу кырдаалдан жана азык-түлүктүн кымбатташынан улам ушундай чараларды көрүүнү каалашат.
Бул 300 сом бир үй-бүлөгө 810 сомду түзгөн “үй-бүлөгө көмөк” алгандарга кошумча жардам болуп калаары белгиленди. Акча 16 жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөргө берилет.
Эгерде өкмөт мыйзам долбоорун жактырса, анда мындай үй-бүлөлөргө кийинки алты айда – 2020-жылдын ноябрынан 2021-жылдын апрелине чейин ай сайын 300 сомдон берилет.
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги коронавирус пандемиясы учурунда жумушка байланыштуу көйгөйлөрдөн улам “үй бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алган үй-бүлөлөрдүн саны көбөйөт деп божомолдоодо.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ