Menu

УКМК: ЭТУ жалданмачысы кармалды

Бөлүшүү:

КР УКМК органы тарабынан улантылып жаткан котртеррористтик иш-чаралардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынан Сирия аймагындагы куралдуу чыр-чатактар зонасына жалданмачыларды жөнөтүү каналы аныкталып, анын ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

20-октябрда жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чаранын тергөө амалдарынын негизинде сотко чейинки өндүрүштүн алкагында КР Кылмыш-жаза кодексинин 39-395-беренесинде каралган (Жалданмачылыкка аракет кылуу) кылмыш белгилери боюнча КР жараны М.М. кармалды.

Такталгандай, кармалган М.М. мурда жихадисттик идеологияга тартылып, транзиттик жол менен Кыргыз Республикасынан Сирияга эл аралык террористтик уюмдардын катарына кошулууга жөнөтүлгөн.

Өз учурунда көрсөтүлгөн иш-чаранын натыйжасында, жалданмачы адам Сирияга бараткан жолдо кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайынын киргизилген.

Азыркы учурда жалдоого жана которуу каналына катыштыгы бар башка адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 + = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: