Menu

Ички иштер министрлигинин «Шумкар» атайын багыттагы полкунда 2020-жылдын 9 айы боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлдү

Бөлүшүү:

Ички иштер министрлигинин «Шумкар» атайын багыттагы полкунда 2020-жылдын
9 айы боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда ИИМдин “Шумкар” АБПнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн, 22-октябрь күнү «Шумкар» атайын багыттагы полкунда 2020-жылдын 9 айы боюнча ыкчам кеңешме  өткөн.

Ыкчам кеңешменин жүрүшүндө кызмат башчылары жана бөлүктөрүнүн командирлери  отчеттук мезгил ичинде аткарылган иштер  боюнча маалымат беришкен.

Полктун командиринин орун басары,  милициянын подполковниги К.Ашыров кызмат башчыларынын жана бөлүк командирлери ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктөрүндөгү бир катар кемчиликтерди белгилеп, аларды тез аранын ичинде жоюну табыштаган.

Ошондой эле, жеке тарбиялоо иштерин жүргүзүүдө бардык күч-аракеттерди жана ыкмаларды колдонууну, мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти сактоону, кесиптик жөндөмдөрүн үзгүлтүксүз өнүктүрүүнү тапшырган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: