“Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун биринчи чет өлкөлүк иш сапары Россияга болот, Бишкек Россияга иш сапардын датасы республикада болуп жаткан саясий окуяларга байланыштуу болбошу керек деп суранды, жакынкы аралыкта бул маселе боюнча жооп алынаарына ишенем” деп билдирди ТИМдин башчысы Руслан Казакбаев РИА Новостиге берген маегинде.
“Биз бул маселени Кыргызстанда көп талкуулайбыз, айрым мамлекеттерден белгилүү бир чакыруулар бар, бирок, албетте, биринчи сапарды Москвага жасоону көздөп жатабыз”, – деди Казакбаев.
“Иш сапар качан болоору тууралуу биз Сергей Викторович Лавров менен жолугушуу учурунда кесиптештерибиз менен ошондой эле администрацияда да (Россиянын президентинин) талкууладык. Жакын арада жооп беришет деп ишенем “, – деди Казакбаев.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысынын айтымында, ал Москвадан Жапаровдун иш сапарынын датасын республиканын ички саясий окуяларына карабастан аныктоону өтүндү.
“Биздин стратегиялык мамилелер Кыргызстандагы кандайдыр бир саясий кырдаалга, Кыргызстанда же Россияда кандайдыр бир саясий иш-чаралардын өткөрүлүшүнө байланыштуу болбошу керек. Алар ар дайым уланышы керек”, – деди Казакбаев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ