Кыргызстанда президенттикке талапкерлерди көрсөтүү башталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, аталган процесс 15-ноябрга чейин созулат. Бүгүнкү күнгө чейин БШК бир дагы талапкер көрсөтө элек.
15-декабрга чейин шайлоо комиссиясы президенттин кызмат ордуна талапкерлерди катташы керектиги такталды.
Талапкерлер 3-декабрдан кечиктирбестен кол топтоо баракчаларын тапшырышы керек жана 8-январга чейин жарышка катышуудан баш тарта алышат.
Белгилей кетсек, буга чейин БШК 2021-жылдын 10-январына кезексиз президенттик шайлоону дайындаган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ