Menu

ИИМ: 2020-жылдын 9 ай ичинде жашы жете электердин арасында кылмуштуулукту жана укук бузууларды алдын алуу максатында 6644 иш-чара уюштурулду

Бөлүшүү:

2020-жылдын 9 ай ичинде жашы жете электердин арасында кылмуштуулукту жана укук бузууларды алдын алуу максатында 6644 иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын Жашы жете электер менен иштөө бөлүмүнүн кызматкерлери кароосуз, багуусуз калган балдарды аныктоо, жашы жете электердин арасында укук бузууларды жана коомго каршы аракеттерди болтурбоо боюнча иштерди жүргүзүп келет.

Башка мамлекеттик органдар менен биргеликте балдардын кароосуз калууларын, жашы жете электердин укук бузууларын алдын алуу, укуктарын коргоо боюнча иштер аткарылып, ыкчам алдын алуу жана рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

2020-жылдын 9 ай ичинде ИИМдин КККнын Жашы жете электер менен иштөө бөлүмүнүн кызматкерлери жаштар арасында жана жалпы билим берүү мекемелеринде окуган окуучулардын укук бузууларын алдын алуу максатында 6644 иш-чара (тегерек столдор, спорттук иш-чаралар, семинарлар, конференциялар) өткөрүшкөн. Андан сырткары, окуу жайларда 36800 лекция окулуп, ЖМКда 500 ашык чыгуулар уюштурулган.

Ушул жыл ичинде ИИМдин КККнын Жашы жете электер менен иштөө бөлүмдөрү 736 рейддик иш-чараларды өткөрүшкөн. Алар “Өспүрүм”, “Кароосуз”, “Камкордук”, “Кайрадан мектепке”, “Антирэкет”, “Лидер” аттуу иш-чаралар болот. Рейд учурунда 3328 жашы жете электер аныкталып, алардын ичинен 423 көчөлөрдө жашап жүргөндөр, 139 кайырчылык кылгандар, 11 спирт ичимдигин колдонгондор аныкталган.

Аныкталган фактылар боюнча тиешелүү маалыматтар социалдык коргоо жана башка мамлекеттик органдарга жөнөтүлүүдө. Зомбулук, балдарга карата орой мамиле кылуу фактыларын болтурбоо, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча бирдиктүү иш-чаралар жүрүүүдө.

Республиканын ИИОнун ЖИИБдин кызматкерлери көйгөйлүү маселелер боюнча 10970 маалымат, анын ичинен билим берүү тутумуна-5327, саламаттыкты сактоого-748, социалдык өнүктүрүү башкармалыгына-1694, КААБга-931 метериал жөнөткөн. Республиканын ИИОнун Жашы жете электер менен иштөө бөлүмүнүн алдын алуу каттоосунда 1523 жашы жете электерди каттоого алып, жашоо тиричилиги оор 410 үй-бүлө каттоого алынган.

Алдын алуу рейддин иш-чаралардын жүрүшүндө 5012 жашы жете электер ар кандай бөлүмдөргө, анын ичинен ИИМдин жашы жете электердин арасында укук бузууларды алдын алуу боюнча борборунда 838, социалдык кызматтарга жана приюттарда 403 бала жеткирилген.

Отчеттук аралыкта социалдык коргоо башкармалыгына жашы жете электер менен ата-энелерине карата 2751 материал жөнөтүлүп, 2067 материал каралып, 262 балдарды коргоо планы түзүлүп, 95 жашы жете элек балдар үйүнө, 75 социалдык мекемелерге жөнөтүлүп, тарбиялоо мүнөзүндөгү 1603 ар кандай чаралар көрүлгөн. Сотко ата-энелик укугунан ажыратуу жөнүндө 26 материал жөнөтүлүп, 7 факты боюнча сот чечим чыгарган.

Ошондой эле, жалпы билим берүүгө тартылбаган жана окубаган жашы жете электерди аныктоо жана тактоого багытталган алдын алуу иш-чаралары дагы жүргүзүлүүдө.

Бул көрүлүп жаткан чаралар окуу үчүн балдарын бардык зарыл болгон нерселер менен камсыздоодо оорчулук жаралган социалдык оор турмушта жашаган үй-бүлөлөрдү аныктоого багытталган.

Жаңы окуу жылында эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу республиканын бардык окуу жайларында, 1-классты эске албаганда аралыктан окуу уланууда.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө коомдук жайлар, базарлар, короолор, оюн-зоок мекемелер текшерүүгө алынган.

Милициянын көчмө кабылдамасын пайдалануу менен калк менен жолугушуулар өткөрүлүп, жашы жете электерди милдеттүү түрдө окутуу зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

2020-жылдын 9 ай ичинде жашы жете электердин арасында 72 өзүнө өзү кол салуу фактысы катталган. Алардын ичинен 51 балдар болсо, 21 кыздар.

Өзүнө өзү кол салууга балдардын көйгөйлөрүнө улуулардын көңүл кош мамилеси, анын ичинде баланын аң-сезимине оор таасир берген үй-бүлөлүк чыр-чатактар түрткү болууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 − 68 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: