Menu

Францияда исламисттер ондогон сайтка чабуул жасашты

Бөлүшүү:

Францияда шейшембиге караган түнү исламисттер ондогон сайтты чабуулга алышты. Бул тууралуу “Франс Пресс” агенттиги билдирди.

Бул сайттарда исламдын жана Мухаммед пайгамбардын жеңишине, аны менен катар Франциянын өлүмүнө чакырган ураандар пайда болду. Мындан тышкары өлкө президенти Эммануэль Макрондун чочко кейпиндеги сүрөттөрү да жарыяланды.

Бир жума мурун Париждин четиндеги мектепте иштеген мугалим Самюэль Пати сабакта сөз эркиндиги тууралуу кеп болгондо Мухаммед пайгамбардын шакаба сүрөттөрүн көргөзгөндөн кийин ашынган исламчыл жигиттин колунан каза тапкан. Бул ырайымсыз кылмыш франциялыктардын үрөйүн учурган.

Макрон өлгөн мугалимди “баатыр”, ал эми кол салууну “теракт” деп атаган. Ал 23-октябрда мугалимге аза күтүү иш-чарасында ислам кризис абалында экенин айтып, Француз республикасынын светтик баалуулуктарын радикалдуу исламдан коргоого чакырган.

Макрондун ислам жөнүндө билдирүүсү Жакынкы Чыгыштагы бир катар өлкөлөрдүн нааразылыгын жараткан. Түркия президенти Режеп Эрдоган Макронго “психикасын дарылоо жөнүндө” кеңеш берген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − 55 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: