Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева мандатын тапшырат.
Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселеси бүгүн, 27-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда каралат.
Элвира Сурабалдиеванын кетишинин себептери азырынча белгисиз.
2015-жылы Элвира Сурабалдиева “КСДП” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо “Ата Мекен” партиясынан чыккан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ