Menu

КРнын Тышкы иштер министри Р.Казакбаев Улуу Британиянын КРдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ч.Гарретти кабыл алды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 27-октябрда КРнын Тышкы иштер министри Р.Казакбаев Улуу Британиянын КРдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ч.Гарретти кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Улуу Британиянын Элчиси Р.Казакбаевди Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктап жана андан аркы ишине ийгиликтерди каалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Министр Р.Казакбаев Кыргыз Республикасында кырдаал туруктуу, болуп жаткан саясий процесстер укуктук талаага кайткандыгын, Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин бардык бутактары легитимдүү, ал эми бийликтин аткаруу органдары өз ишмердүүлүгүн  штаттык режимде улантып жаткандыгын баса белгилеп, өлкөдөгү учурдагы ички саясий кырдаал жөнүндө маектешин маалымдады.

Кыргыз тарабы Кыргыз Республикасындагы демократиялык процесстерди жана мыйзамдын үстөмдүгүн колдоо жөнүндө жасалган билдирүүсү үчүн Улуу Британиянын Өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.

Тараптардын ортосунда саясий жана соода-экономикалык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча кызыкдар пикир алмашуу болуп өттү. Кыргыз Республикасынан алтын экспорттоо сыяктуу Улуу Британия менен товар жүгүртүүнүн  чоң көлөмүн эске алуу менен, Улуу Британияга продукциялардын жана товарлардын жеткирүүсүн диверсификациялоонун зарылдыгына басым жасалды.

Климаттын, экологиянын  өзгөрүүсүнө ийкемделүү маселелериндеги, ошондой эле өз ара кызыкчылык жараткан башка багыттардагы кызматташуунун маселелери талкууланды.  Кызматташуунун эки тараптуу күн тартибинин иш-чараларынын графиги каралды.

Тараптар мыйзамсыз чыгарылып кеткен  активдерди  Кыргыз Республикасына кайтаруу боюнча өз ара аракеттенүү маселесине өзгөчө көңүл бөлүштү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: