Menu

Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу: Адвокат Алмазбек Атамбаевди суракка алууну суранат

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту экс-башкы прокурор Аида Саляновага карата криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш ишин кароону улантууда.

Отурумдун жүрүшүндө Аида Салянованын адвокаты Рабига Садыкова экс-президент Алмазбек Атамбаевди күбө катары суракка алуу өтүнүчүн келтирди.

Анын айтымында, Атамбаев Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча көрсөтмө бериши керек. Эгер андай мүмкүнчүлүк болбосо, анда адвокаттын айтымында, мурунку мамлекет башчыдан онлайн режиминде сурак алынышы керек.

Мамлекеттик айыптоочулар экс-президент буга чейин бул ишке катышуудан жана көрсөтмө берүүдөн баш тартканын түшүндүрүп, өтүнүчтү соттун чечимине калтырган.

Эскерте кетсек, кримавторитет Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулгандыгы боюнча 19 адам айыпталууда. Алар диагноз койгон дарыгерлер жана лаборанттар, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү жана башка жогорку кызматтагы адамдар, анын ичинде мурдагы мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев. 14 айыпталуучуга каршы иш өзүнчө өндүрүшкө бөлүндү, анткени алар тергөө менен келишим түзүшкөн. Алмазбек Атамбаев 11 жылга эркинен ажыратылды. Аида Саляновага каршы иш өзүнчө өндүрүшкө бөлүндү, анткени ал күнөөсүн мойнуна алган жок.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: