Menu

Президенттикке талапкерлер 1 миллион сом күрөө төлөшү керек

Бөлүшүү:

Бүгүн, 29-октябрда БШК президенттикке талапкерлердин документтеринин тизмесин бекитти.

Мыйзамга ылайык, өлкөдөгү эң жогорку мамлекеттик кызмат ордуна талапкер 1 миллион сом күрөө төлөп, “РСК Банкта” же “Айыл Банкта” шайлоо фондун түзүшү керек.

Шайлоо фондунун суммасы 100 миллион сомдон ашпашы керек.

Президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Эске салсак, 6-октябрда БШК Бишкекте массалык башаламандыктардан кийин шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп табууга аргасыз болгон. Элдин кыжырдануусунан улам, өлкөдө бийлик алмашып, президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетти. Мамлекет башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаров болду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: