Menu

Эмомали Рахмондун инаугурациясы өттү

Бөлүшүү:

Тажикстанда кайрадан шайланган президент Эмомали Рахмон ант берди: президенттин кызматка киришүү аземи жума күнү өкмөттүк «Кохи Сомон» резиденциясында өттү. Ушуну менен Рахмон бешинчи жолу президенттик такка отурду.

Эмомали Рахмон республиканын Конституциясына колун коюп, Тажикстан элине ак кызмат кылууга ант берди.

Жаңы шайланган президент өз сөзүндө жакынкы жети жылда Тажикстан толугу менен энергетикалык көз карандысыздыкка жетишип, коммуникациялык туңгуюктан чыгарын, транзиттик өлкөгө айланарын айтты. Өлкөдө азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо да стратегиялык тапшырма бойдон каларын белгиледи.

Тажикстандын башчысы акыркы жылдары өлкөнүн ички дүң өнүмү көбөйүп, жакырчылыктын деңгээли кыскарганын билдирди. Ал миграция маселесине да токтолуп, чет өлкөдөн иш издегендердин саны 1,1 миллиондон 460 миңге чейин кыскарганын белгиледи. Орусия бийлиги болсо бир миллиондон ашуун тажикстандык мигрант бар экенин белгилеп жүрөт.

Эмомали Рахмон ант бергенден кийин парад өтүп, ага 7 миңден ашуун аскер кызматкери катышканы айтылды.

Тажикстанда 11-октябрда өткөн президенттик шайлоодо Эмомали Рахмон шайлоочулардын 90% ашуун добушун алган.

Өлкөнү 1992-жылдан бери башкарып келаткан Эмомали Рахмон буга чейинки төрт шайлоодо да утуп чыккан. Бирок Батыш мамлекеттеринин байкоочулары бир да шайлоо калыс өтпөгөнүн айтып келишет.

https://www.centralasian.org/a/30919516.html

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 19 = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: