Menu

Улуттук банк доллардын өсүшү боюнча түшүндүрмө берди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 3-ноябрь саат 10:10до Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда доллардын сомго карата базар баасы 83,2 сомду (сатып алуу) жана 83,5 сомду (сатуу) түздү. Эртең мененки саат 8:30да АКШ валютасынын курсу 82,9 сомду (сатып алуу) жана 83,2 сомду (сатуу) түзгөн.

Кечээ, 2-ноябрда Улуттук банк доллардын өсүшүнүн себептери боюнча түшүндүрмө берди.

Акыркы күндөрү ички валюта рыногунда чет өлкөлүк валютага болгон сунушка караганда суроо-талап басымдуулук кылууда. Суроо-талап тышкы факторлордун фонунда түзүлгөн алмашуу курсунун өсүшүнө алып келди: товардык баалардын төмөндөшү, бир катар өлкөлөрдө COVID-19 пандемиясынан улам бир нече жолу чектөөлөрдүн киргизилиши жана ага байланыштуу глобалдык экономикадагы терс күтүүлөрдүн кесепетинен, ошондой эле АКШ долларын, анын ичинде КР соода өнөктөш өлкөлөрүн бекемдөө боюнча глобалдык тенденциясы, бул акыркы жылдары өлкөнүн ички валюта рыногундагы кырдаалдын өнүгүшүнүн фактору катары да кызмат кылды” – деп айтылат маалыматта.

Ошентип, 2020-жылдын башынан 3-ноябрга чейин АКШ долларынын сомго карата расмий курсу 17,68% га жогорулады (бир АКШ доллары 69,5117ден 81,8000 сомго чейин). 2020-жылдын башынан тартып ушул күнгө чейин алмашуу курсунун кескин өзгөрүүлөрүн жөнгө салуу максатында Улуттук банк 355,8 миллион долларга чет элдик валютаны сатуу боюнча операцияларды жүргүздү (анын 10,1 миллион доллары накталай сатылды)”, – деп билдирди Улуттук банк.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: