Menu

КСДПчы Амантур Жамгырчиев саясатчы Равшан Жээнбековго каршы көрсөтмө берип каматып, өзү эркиндикке чыккан

Бөлүшүү:

Апрель баатыры, “Айкөл Ала-Тоо” коомунун лидерлеринин бири Амантур Жамгырчиев 2010-жылдан тартып 2019-жылдын акырына чейин Алмаз Атамбаевдин фанаттарынын бири болгону жалпы журтка маалым.

2019-жылы 8-августта Алмаз Атамбаев камалган күнү Амантур Жамгырчиев да Кой-Таштагы башаламандыктарды уюштурган жоон топтун катарында камакка алынган. Ал күнү камалгандардын көбү тергөө менен кызматташуудан баш тартып, алигиче өздөрүнүн кумири Атамбаевди коргоп келе жатышат. Бирок  Амантур Жамгырчиев, Алга Кылычев сыяктуу аз сандагы атамбаевчилер тергөө менен кызматташууга келишим түзүп, кол коюп, өздөрүнүн ошол күндөрдөгү соратниктерине каршы тергөөгө көрсөтмө беришип, аларды каматып, өздөрү эркиндикке чыгып кетишкен.

Алардын бири, абактагы Амантур Жамгырчиев декабрь айынын башында  тергөө менен кызматташууга кол коюп, Алмаз Атамбаев менен Равшан Жээнбековго каршы көрсөтмө берген.

2019-жылы 11-декабрда Ички иштер министрлигинин тергөө башкармалыгы саясатчы Равшан Жээнбековду сураккка чакырып “бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деген берене менен айыптап камакка алган. Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуяларынан кийин 8-августта камалган эмес, алтургай декабрь айына чейин чет өлкөлөргө сапарга барып жүргөн. Милиция аны эч кандай далилсиз, бир гана Амантур Жамгырчиевдин “Равшан Жээнбеков бийликти басып алалы” деп айткан деген көрсөтмөсү боюнча камап салган.

2019-жылы 17-декабрда Амантур Жамгырчиев тергөө менен кызматташып, башкаларга каршы көрсөтмө бергендиги үчүн Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан абактан чыгарылып, үйүнө коё берилди. Ошондон бери ал эркиндикте чардап жүрөт. Ал эми Равшан Жээнбеков 11 ай абакта жатты.

2020-жылдын 6-октябрында Равшан Жээнбеков абактан чыгарылып, азыр сот аркылуу толук акталуу үчүн адвокаты менен укук коргоо органдарынын эшигин жыртып жүрөт.

2020-жылдын 30-октябрында Апрель баатыры Амантур Жамгырчиев “мен тергөө менен кызматташуудан  эми баш тартам, мен берген көрсөтмөлөр жалган, мен аны басым астында бергем” деп жарыялады. Албетте, азыр бийлик алмашканда муну айтуу жеңил. Бирок Амантур Жамгырчиев анын жалган көрсөтмөсү менен Равшан Жээнбеков 11 ай эркинен ажырап абакта жатканын түшүнөбү? Өзү абактан кутулуп кетиш үчүн эле бирөөгө каршы жалган көрсөтмө берип күнөөсүз адамды каматып салуу адамгерчиликтин кайсы түрүнө кирет?

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: