Menu

Түркмөнстан жарандардын өлкө аймагында себепсиз жолго чыгышына чектөө киргизди

Бөлүшүү:

Түркмөнстандын бийлиги кийинки жылдын 1-январына чейин жарандардын өлкө аймагында себепсиз сапарга чыгышына чектөө киргизди.

Мындай чектөө расмий эмес мүнөздө болуп, коронавирусту жайылтпоо максатында болушу мүмкүн. Түркмөнстандын бийлиги өлкөдө коронавирус бар экенин расмий түрдө тааныбай келет.

RFE/RL радиосунун түркмөн кызматы кабарлагандай, жолго чыгууну каалагандар атайын комиссиядан уруксат алышы керек болот. Бул комиссиянын курамына полициянын, Миграциялык кызматтын, Улуттук коопсуздук министрлигинин өкүлдөрү жана санитардык дарыгерлер кирет.

Жаңы чектөөлөрдөн улам өлкөнүн аймактарынан борбор шаар Ашхабадга барып келип иштегендер кыйналууда.

Март айында да түркмөн бийлиги өз аймагында жарандардын катнашына тыюу салган болчу.

Расмий Ашхабад мурдагыдай эле өлкөдө коронавирус жок деген позицияда. Түркмөнстан – COVID-19 өз аймагында бар экенин четке каккан БУУнун жападан-жалгыз мүчөсү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − 69 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: