Menu

Башкы прокурор Кашкар Жунушалиев, Орозбек Опумбаев жана Сапар Исаков кайда экенин билбейт

Бөлүшүү:

“Издөөдө жүргөн Кашкар Жунушалиев менен Орозбек Опумбаев азыр кайда экенин билбейм”. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда КРнын Башкы прокурору Курманкул Зулушев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, алар 5-6-октябрь күндөрү жумуштан дайынсыз жоголгон учурда, аларга кылмыш иши козголгон эмес.

“Алар боюнча издөө жарыяланып, иш козголду. Бирок алардын жумуштан кетип, кызматкерлерин жалгыз таштап кеткени таптакыр туура эмес болгон”, – деди Зулушев.

Ал Жунушалиев менен Опумбаевдин аракеттерине юридикалык баа берилиши керек деп эсептейт. Ошондой эле, ал Бишкектеги башаламандыктан кийин абактан чыккан Сапар Исаковдун кайда экендигин билбей тургандыгын белгиледи.

Эске салсак, Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев өлкөдө саясий жана массалык баш аламандык болуп жаткан 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү өз жумуштарынан чыгып кетишкен.

Сапар Исаков 6-октябрга караган түнү бошотулуп, 10-октябрдан бери дайынсыз. Азыр ал изделүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: