Menu

Садыр Жапаров Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаровдун Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү орун алды.
Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаровду жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, ишиндеги ийгиликтерди каалады, ал эми Кыргызстан элине туруктуулукту жана гүлдөп-өнүгүүнү каалап кетти.
Андан соң Өкмөт башчылары эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана мурда жетишилген макулдашуулардын ишке ашырылышын талкуулады.
Тараптар келечекте эки өлкө аралык өз-ара аракеттешүүнү кеңейтүү боюнча биргелешкен пландарды белгилешти.
Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров Кыргызстан жана Казакстан ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк, жакшы коңшулаш мамиленин чыңдалышына ишеним билдирди.
Белгилесек, телефондук сүйлөшүүлөр жылуу, достук маанайда өтүп, эки өлкө ортосундагы бардык маселелер өз-ара кызыкчылыктарды эске алуу менен чечилери макулдашылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 + = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: